Колл - борбор: 1209; 105

Бишкек электр тармактар ишканасы 220/110/10 кВ “Главная” көмөкчордонунун кубаттуулугун жогорулатууда

2 Август 2023 ж.

Керектөөчүлөрдүн санынын көбөйүшүнө байланыштуу электр энергиясын керектөөнүн өсүшү да байкалууда, бул электр жабдууларынын ишине түздөн-түз таасирин тийгизет. 2023-жылы январь айындагы катуу суукта калк электр энергиясын ашыкча колдонгондуктан бул көмөкчордонго күч келген. Мындан улам быйыл, пландалган рекоснтрукциялоо иштердин негизинде көмөкчордондун кубаттуулугун көтөрүп, оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө. Электр тармагына кубаттуулукту көбөйтүү жана жүктү азайтуу максатында Бишкек электр тармактар ишканасы көмөкчордондорунун кубаттуулугун жогорулатууда.

Жогорку вольттогу «Главная» көмөкчордонунда кубаттуулугу 125 МВА түзгөн автотрансформаторду 200 МВА кубаттуулуктагы АТ-2ге алмаштыруу иштери башталды. Кийинки кезекте экинчи АТ-1 автотрансформатору да 200 МВА автотрансформаторго алмаштырылат.

Бүгүнкү күндө көмөкчордондун кызматкерлери эски автотрансформаторду жана тиркемелерди демонтаждоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Белгилей кетсек, автотрансформаторлор алмаштырылгандан кийин көмөкчордондун жалпы кубаттуулугу 150 МВАга өсүп, 400 МВАны түзөт. Подстанциянын кубаттуулугун жогорулатуу Бишкектин түндүк тарабындагы, ошондой эле Чүй облусунун айрым айылдарынын керектөөчүлөрүн ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылат.

Маалымдама: Жогорку вольттогу 220/110/10 кВ «Главная» көмөкчордону Аламүдүн районунун Ленинское айылында жайгашкан. Бишкектин түндүк бөлүгүндө жашаган керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоо үчүн 1968-жылы “Главная”көмөкчордону ишке киргизилген.