Колл - борбор: 1209; 105

Энергетика тармагына жаңы атайын техникалар тапшырылды

20 Июнь 2025 ж.

 Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн реформанын алкагында акыркы үч жылда энергетика тармагында өнүгүүгө карай бир топ өзгөрүүлөр, жаңылануулар орун алууда. Жанылануунун катарын жаңы атайын техника менен камсыздоо толуктайт.

Электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында, тармактын автопаркын кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бөлүнүүдө.

Бүгүн, 2025-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын энергетика министри Т.Ибраев “Кыргызстан УЭТ” ААКна жаңы атайын техникалардын ачкычын тапшырды.

“КУЭТ” ААК 2025-жылга коюлган капиталдык курулуш планын жана электр тармактарынын инфраструктурасынын ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында дагы 16 даана атайын техника 60 920 000 сомго сатылып алынды, анын ичинде:

·        8 даана эксковатор

·        8 даана автовышка

"Бүгүн күз-кыш мезгилинин алдында жакшы саамалык болуп, техникаларыбызды жанылап жатабыз. Быйылкы жылы 70 даана атайын техникалар сатып алынды. Бүгүн энергетиктерге 16 даана атайын техниканы тапшырып жатабыз, буга чейин 54 атайын техника берилген.  Жаңы техникалар элди үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздоого жардам берет деп ишенем! Берилген автоунааларды этияттык менен колдонолу. Ал эми биз өз учурунда атайын техника паркын чекесинен жанылап берүүгө аракет кылабыз",- деди министр Т.Ибраев.

Эскерте кетсек, 2025-жылдын башында өздүк каражаттардын эсебинен 54 даана техника алынган, анын жалпы суммасы 102 483 400 сомду түзгөн.

Ошентип, 2025-жылы сатылып алынган техниканын жалпы саны 70 бирдикти түзүп, жалпы суммасы 163 403 400 сомду түздү.

Бул сатып алуу оңдоо бригадаларынын мобилдүүлүгүн жогорулатууга, бөлүштүрүүчү тармактардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого жана авариялык кырдаалдарды жоюуда коопсуздук жана ыкчамдуулук деңгээлин жогорулатууга багытталган.

Иш-чарага КРнын Энергетика министри Таалайбек Ибраев, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Алтынбек Рысбеков, Бишкек ЭТИнин директору Азамат Паизов жана энергетиктер катышты.