Колл - борбор: 1209; 105

Энергетиктер күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдө

3 Июль 2024 ж.

Энергетиктер күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдө..

Бүгүн, 3-июльда “Промышленная” көмөк чордонунда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

“КУЭТ” ААКнын филиалы-Бишкек электр тармактар ишканасынын 2024-жылдын капиталдык курулуш жана реконструкциялоо планына ылайык жогорку чыңалуудагы 110/35/6кВ “Промышленная” көмөк чордонунда В-35 Т2 май өчүргүчтөр, вакуумдук чыңалуу классындагы өчургүчтөрүнө алмаштырылууда. 

Бул иштердин жүрүшү “Кара-Жыгач”, “Алтын-Ордо” жаңы конуштарын, Чыгыш өнөр-жай ишканаларын электр энергия менен камсыздоо иштерин жакшыртат жана ишенимдүүлүгүн жогорулатат!