Бүгүн, 13-майда, «КУЭТ» ААКтын филиалы Бишкек электр тармактары ишканасынын базасында 6 жаңы атайын техниканын ачкычтары тапшырылды.
«КУЭТ» ААКтын филиалы Бишкек электр тармактары ишканасынын директору Азамат Паизов автомашиналардын ачкычтарын тапшырып жатып,
атайын техникаларды, автоунааларды жаңылоо – биздин абоненттердин электр энергиясын камсыздоо ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган стратегияалык кадам. Жаңы автоунаалар авариялык кырдаалдарды жоюу убактысын тездедип, кызматкерлерибиздин иш шарттарын жакшыртат, – деп белгиледи.
Автоунаалар төмөнкү кызматтарга тпшырылды:
ü Түндүк РЭТи - ISUZI бригадалык автоунаасы жана Сhevrolet – Сobalt автоунаасы
ü Ыкчам-диспетчердик кызматы - JAC-T8 бригадалык автоунаасы
ü Электр энергия сатуу кызматы - JAC-T8 бригадалык автоунаасы
ü Кабелдик чубалгылар кызматы - Сhevrolet – Сobalt автоунаасы
ü Капиталдык-курулуш кызматы - Сhevrolet – Сobalt автоунаасы
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан жана ошондой эле “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААК тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформанын жана алгылыктуу иш-аракеттердин алкагында, электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында тармактын автопаркын кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бөлүнүүдө.
Тапшырылган 54 даана техниканы «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКы капиталдык курулуш планын ишке ашыруу алкагында, өз каражатынын эсебинен 102 483 400 сомго сатып алды.
Сатып алынган атайын техника электр тармактарынын региондук ишканаларына туруктуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясын камсыздоого, штаттан тышкары учурларга ыкчам реакция кылуу, техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин жүргүзүүгө, ошондой эле кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртууга багытталган.