Колл - борбор: 1209; 105

Энергетиктер Бишкектеги 332 чакырым жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын оңдоодон өткөрүштү

12 Август 2024 ж.

2024-2025-жж. күз-кыш мезгилине электр тармактарын даярдоо максатында жогорку чыӊалуудагы тармактар кызматы аба чубалгыларында техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Алсак, 2024 –жылга 3573 даана фарфор жана сынган изоляторлорду айнек изоляторлорго алмаштыруу иштери пландаштырылган, алардын ичинен 2033 даана алмаштырылып жана 552 чакырымдан ашык аба чубалгыларын оӊдоо иши мерчемделген, 332 чакырымы  оңдоо ишинен өттү, 41 чакырым чубалгыларында капиталдык оӊдоо иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле, энергетиктер электр энергиясы менен коопсуз жана ишенимдүү камсыз кылуу үчүн электр аба чубалгылары өткөн жолдун боюндагы бак-дарактардын бутактарын кыйуу жумуштарын жүргүзүүдө. Бүгүнкү күндө 1234 бак-дарак кыйылып бүттү. Белгилей кетсек, аба чубалгыларынын зымдарына жакын өскөн бак-дарактар аба чубалгыларынын үзүлүшүнүн жана электр менен камсыздоонун бузулушуна бирден бир себеп болушу мүмкүн.

Мындан тышкары, аба чубалгысынын коргоочу чөлкөмүн бузулушун жоюу боюнча керектөөчүлөргө 496 билдирүү берилди.