Колл - борбор: 1209; 105

Энергетиктер жогорку чыӊалуудагы аба чубалгыларынын трассаларын кургак камыштан тазалоо иштерин жүргүзүүдө

10 Февраль 2025 ж.

 

2025-жылы "КУЭТ" ААКнын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасы  1,7 гектарга жакын электр берүү чубалгыларынын трассаларын кургак камыштан тазалоону пландаштырууда. Иштер 35/110/220 кВ жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын астында жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө жогорку чыӊалуу тармактар кызматы 220 кВ «Главная -Шу» жана «Алматы-Главная»  аба чубалгыларынын трассаларын камыштан тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Бул иштерэнергообъекттерди өрттөн коргоого жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен туруктуу камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүкберет.

Жогорку чыӊалуудагы аба чубалгыларынын трассаларын суу жана саздак жерлерде камыштантазалоо - электр тармактарынын үзгүлтүксүз иштешин колдоо боюнча жыл сайын өткөрүлүүчү иш-чаралардын маанилүү бөлүгү.

Жаз жана жай мезгилдеринде мындай аймактарга жетүү кыйын болгондуктан, иш адаттагыдай эле кыш мезгилинде жүргүзүлөт.