Бишкекте өткөн жарандык коргонуу машыгуусуна энергетиктер да катышты
24 Октябрь 2025 ж.
22–24-октябрь күндөрү Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана шаардык жарандык коргонуу башкармалыгынын жетекчилиги менен республикалык командалык-штабдык машыгуу өткөрүлдү.
Машыгуунун максаты өзгөчө кырдаал учурунда мамлекеттик жана шаардык кызматтардын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу, калкты эвакуациялоо жана коопсуздукту камсыздоо болду.
Бишкек электр тармактар ишканасынын «КУЭТ» ААКнын кызматкерлери машыгууга активдүү катышып, жер титирөөдөн кийин кыйраган мамыларды жана бузулган электр тармактарын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү.
Энергетиктер авариялык калыбына келтирүү ыкмаларын көрсөтүшүп, өзгөчө кырдаал маалында туруктуу электр менен камсыздоону камсыз кылуу аракеттерин иш жүзүндө аткарышты.
Машыгуунун жыйынтыгында энергетиктердин жана башка кызматтардын өз ара аракеттенүүсү жогору бааланып, шаардын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгы белгиленди.