Колл - борбор: 1209; 105

Энергетиктер күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүүдө

20 Август 2024 ж.

 

Бүгүн, 20-августа "КУЭТ»  ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасынын   Батыш РЭТтин кызматкерлери Курчатов  көчөсүндө жайгашкан №1450 көмөк чордонунда капиталдык оӊдоо иштерин жүргүзүүдө.

Кызматкерлер эскилиги жеткен жабдыктарды жаӊысына алмаштырууда. Алсак, көмөк чордондогу эски рубильнигин, трансформатордун резиналарын, жараксыз изоляторлорун алмаштырып, сырдоо иштерин жүргүзүүдө.

Айта кетсек, пландын негизинде аткарылып жаткан жумуштар, 2024-2025 күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында жүрүп, элге сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясын жеткирүүгө багытталган.