Колл - борбор: 1209; 105

Бишкек электр тармактар ишканасынын директору А. Паизов күз-кыш мезгилине даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышты

23 Июль 2025 ж.

 

Бүгүн, 23-июлда «КУЭТ» ААКтын филиалы Бишкек электр тармактары ишканасынын директору Азамат Паизов 110/10 кВ  жогорку чыңалуудагы “Мурас” көмөк чордонунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Белгилеп кетсек, бул подстанция Бишкек шаарынын түштүк-батыш бөлүгүндө жашаган тургундарды туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылат. Подстанция Орок айылынын аймагында курулууда. Иш сапардын жүрүшүндө директор кызматкерлерге бардык иштерди сапаттуу аткарып, белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.

Андан соң, А.М. Паизов жогорку чыңалуудагы “Ново-Южная” көмөк чордонуна барды. Бул жерде учурда электр жабдууларын реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери жүрүп жатат. Директор сырткы түзүлүштөгү комплектүү бөлүштүрүүчү жабдуусун (КРУН 10 кВ) ишке берүү боюнча даярдык иштеринин жүрүшү жана көмөк чордондун аймагын көрктөндүрүү иштери менен таанышты.

Иш сапарынын соңунда Азамат Паизов “Ак-Ордо” конушундагы аба чубалгыларын реконструкциялоо жана СИП-2 зымдарын орнотуу иштери менен таанышты. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жыл башынан баштап 56,6 чакырым СИП-2 аба чубалгылары орнотулду. Директор Батыш РЭТтин жетекчилигине күз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүнү тапшырды.