Бүгүн, 14-январда «КУЭТ» ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасында өндүрүштө электр жаракаттарын (электротравматизм) алдын алуу боюнча Кызматкерлер менен иштөө күнү өттү. Иш-чарага кызматтардын жана бөлүмдөрдүн башчылары, өндүрүштүк-техникалык персоналы, нөөмөтчүлөр катышты.
Андан кийин башкы инженер Улукбек Рысбеков эмгек жана коопсуздук эрежелерин сактоого көзөмөлдү күчөтүү, убагында инструктаждан өтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Бишкек электр тармактар ишканасынын Ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматынын башчысы Уланбек Нурманбетов акыркы эки жылдагы өндүрүштөгү кырсыктар боюнча статистиканы келтирип, техникалык коопсуздук эрежелерин (ПТБ, ПТЭ, ППБ) сактоо жана жеке коргонуу каражаттарын (ЖКК) туура пайдалануу маанилүү экенин белгиледи. Ал өз сөзүндө электр жабдууларын колдонууда коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырды: «Баарыбыз билебиз, электр тогунан ката кетирүүгө болбойт. Тилекке каршы, кээдэ бир кызматкерлер эрежелерди сактабай, электр жаракаттарына дуушар болушат. Ар бир адам өндүрүштөгү коопсуздук эрежелерин сактап, ишке жоопкерчиликтүү мамиле кылууга милдеттүү».
Ошондой эле техникалык документтерди туура толтуруу жана жүргүзүү маанилүү. Оперативдүү журналдарды толтуруу бекитилген стандартка ылайык жүргүзүлүшү керек.
Белгилей кетсек, бул иш-чаранын негизги максаты – кызматкерлердин эрежелерди, өндүрүштүк жана кызматтык нускамаларды билүү деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле электр жабдууларын, электр орнотууларын, имараттарды жана курулуштарды коопсуз жана квалификациялуу тейлөө жана оңдоо көндүмдөрүн өркүндөтүү болуп саналат.