Бүгүн, 10 – декабрда, "КУЭТ" ААКнын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасында кызматкерлер менен иш күнү өтүп жатат. Ишенимдүүлүк жана коопсуздук техникасы кызматы өндүрүштүк кызматтарда, РЭТтерде кызматкерлер менен иштөө күнүнө катышты.
Ишенимдүүлүк жана коопсуздук техникасы кызматынын башчысы Алик Дүйшекеев диспетчердик кызматтын кызматкерлерине кызматтык нускамаларды, коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоо зарылдыгын айтып берди. Ишенимдүүлүк жана коопсуздук техникасы кызматынын башчысынын орун басары Улан Нурманбетов Бишкек ЭТИнин өндүрүштүк кызматтарындагы кызматкерлер менен иштөө күнүнө катышты. Ал эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча техникалык документтер текшерди.
Эскерте кетсек, кызматкерлер менен иштөө күнү айдын экинчи шейшемби күнүндө өткөрүлөт. Бул күнү кызматкерлер өзгөчө кырдаалдардан башка бардык жумуштарды аткаруудан бошотулат.