Бүгүн, 8-апрелде «КУЭТ» ААКтын филиалы «Бишкек электр тармактары» ишканасында КЧКнын нөөмөт электр куроочулары, ОДТ, РЭТ, СКЛ, Энергосбыттын электр куроочуларынын жакын туугандарынын катышуусунда Кызматкерлер менен иштөө күнү өткөрүлдү.
Иш-чара Ишенимдүүлүк жана коопсуздук кызматы тарабынан кызматкерлердин жакын туугандарын ишкананын ишмердүүлүгү, коопсуздук чараларын сактоого көбүрөөк көңүл бурууну талап кылган иш процесси менен тааныштыруу максатында уюштурулду.
Иш-чарада эмгекти коргоо жана коопсуздук эрежелерин, жеке коргонуу каражаттарын колдонуу боюнча түшүндүрмөлөр берилди жана кырсыктарды болтурбоо максатында видеороликтер көрсөтүлдү. Ошондой эле адистер катышуучуларга коопсуздук эрежелерин так сактоонун маанилүүлүгүн, электр орнотмолорун колдонуу эрежелерин айтып, суроолорго жооп беришти.
Эсиңизде болсун: Үй-бүлөңүз жана жакынтарыӊз сизди үйдө күтөт!