Бүгүн, 12-августта, Бишкек ЭТИ – «КУЭТ» ААКтын филиалынын бардык өндүрүштүк кызматтарында, РЭТтерде жана ЭЭСК кезектеги Персонал менен иштөө күнү өткөрүлүүдө. Бул күн мурдагы айдагы иш жыйынтыгын чыгаруудан башталып, андан соң нускама берүү жана техникалык окуу менен уланат. Андан кийин кызматкерлер эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча буйруктар, көрсөтмөлөр жана башка директивдик документтер менен таанышышат. Ошондой эле энергетика тармагындагы ишканаларда болгон кырсыктарга кеңири талдоо жүргүзүлөт.
Белгилеп кетүү керек, бул сабактарды өткөрүүнүн максаты — персоналдын эрежелерди, өндүрүштүк жана кызматтык нускамаларды билүү деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле электр жабдууларын, электр орнотмолурун, имараттар менен курулмаларды коопсуз жана квалификациялуу тейлөө жана оңдоо боюнча билимин өркүндөтүү болуп саналат.
Адатта бул күнү кызматкерлер авариялык иштерден башка, бардык иштерден бошотулат. Ал эми Ишенимдүүлүк жана коопсуздук техникасы кызматынын адистери коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу үчүн окуу жана нускама берүү иштеринин сапатын көзөмөлдөө максатында жеринен иш алып барышат.