Колл - борбор: 1209; 105

Чыгыш РЭТти көмөк чордонду капиталдык оңдоодон өткөрүүдө

11 Март 2024 ж.

 
Бүгүн, 11-мартта Чыгыш РЭТтин кызматкерлери тарабынан ТП № 3213 капиталдык оңдоодон өткөрүүдө. Иштер Бишкек шаарынын Токтоналиев көчөсүндө жүрүп жатат.
 
Кызматкерлер пландын негизинде коммутациялык аппараттарын алмаштырууну, жабдууларды тазалоону, күч трансформаторун жана көмөк чордондун эшиктерин сырдоону, май алмаштыруу, диспетчердик аталыштарды жаңыртууну жүргүзөт.
 
Белгилей кетсек, дефеткрди өз убагында жоюу жана жабдууларды оңдоо электр жабдууларынын узак иштөө мөөнөтүн камсыздайт.
 
Жүргүзүлгөн иштер керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.