«КУЭТ» ААКнын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасында өрткө каршы машыгуулар өттү
12 Май 2026 ж.
Бүгүн, 12-майда Бишкек электр тармактар ишканасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте өрткө каршы профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.
Иш-чараны Бишкек электр тармактар ишканасынын башкы инженери Молдокулов Жамбыл ачып, электр орнотмолорунда өрт коопсуздугунун эрежелерин жана өрт коопсуздугу боюнча нускамаларды сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Өрткө каршы машыгуулар кызматкерлердин өзгөчө кырдаал жаралган учурда туура аракеттенүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды.
Машыгуулар учурунда кызматкерлер үчүн өрт өчүрүүчү каражаттар жана аларды колдонуу тартиби ачык көрсөтүлдү. Ошондой эле энергетиктер үчүн жер титирөөдө инструктаж өткөрүлдү.