Колл - борбор: 1209; 105

Бишкек электр тармактар ишканасында кызматкерлер менен ишөө күнү өттү

8 Октябрь 2024 ж.

8-октябрда «КУЭТ» ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасында өндүрүштө электр жаракаттарын (электротравматизм) алдын алуу боюнча Кызматкерлер менен иштөө күнү өттү. Иш-чарага жетекчилик, кызматтардын жана бөлүмдөрдүн башчылары, өндүрүштүк-техникалык персонал, нөөмөтчүлөр катышты.

Бишкек электр тармактар ишканасынын директору Азамат Паизов өз сөзүндө электр жабдууларын колдонууда коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырды: «Баарыбыз билебиз, электр тогунан ката кетирүүгө болбойт. Тилекке каршы, кээ бир кызматкерлер эрежелерди сактабай, электр жаракаттарына дуушар болушат. Ар бир адам өндүрүштөгү коопсуздук эрежелерин сактап, ишке жоопкерчиликтүү мамиле кылууга милдеттүү».

Андан кийин башкы инженер Улукбек Рысбеков эмгек жана коопсуздук эрежелерин сактоого көзөмөлдү күчөтүү, убагында инструктаждан өтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Бишкек электр тармактар ишканасынын Ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматынын башчысы Алик Дүйшекеев акыркы эки жылдагы өндүрүштөгү кырсыктар боюнча статистиканы келтирип, техникалык коопсуздук эрежелерин (ПТБ, ПТЭ, ППБ) сактоо жана жеке коргонуу каражаттарын (ЖКК) туура пайдалануу маанилүү экенин белгиледи.

Ошондой эле техникалык документтерди туура толтуруу жана жүргүзүү маанилүү. Оперативдүү журналдарды толтуруу бекитилген стандартка ылайык жүргүзүлүшү керек.

Бул иш-чаранын негизги максаты – кызматкерлердин эрежелерди, өндүрүштүк жана кызматтык нускамаларды билүү деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле электр жабдууларын, электр орнотууларын, имараттарды жана курулуштарды коопсуз жана квалификациялуу тейлөө жана оңдоо көндүмдөрүн өркүндөтүү болуп саналат.