Керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоосун жогорулатуу максатында " КУЭТ "ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасы 110/35/10 кВ" Кант "жогорку чыӊалуудагы көмөк чордонунда реконструкциялоону жүргүзүүдө.
2024-жылдын капиталдык курулуш жана реконструкциялоо планына ылайык "Кант" көмөк чордонундагы кубаттуулугу 25 МВА болгон күч трансформаторун кубаттуулугу 40 МВА болгон жаңы трансформаторго алмаштыруу иштери жүргүзүүлүдө.Алмаштырылганданкийин "Кант" көмөк чордонунун жалпы кубаттуулугу 80 МВА түзөт, башкача айтканда кубаттуулугу 15 МВА көбөйөт.
Адистер ошондой эле трансформатордун эски коргонуусун жана автоматикасын демонтаждоо иштерин жүргүзүп, трансформатордун негизги жана резервдик коргонуусунун жаңы терминалдарын орнотушат. Эски релелик коргоо жана автоматика коргоо жабдуулары электромеханикалык болгон, ал эми жаңы заманбап - санариптик коргоо терминалдары релелик коргоо жана автоматика иштердин ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Белгилей кетсек, жүргүзүлүп жаткан иштер керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатат.
Маалымдама: жогорку чыӊалуудагы 110/35/10 кВ "Кант" көмөк чордону 1991-жылы пайдаланууга берилген.