Колл - борбор: 1209; 105

Бишкек электр тармактар ишканасы 110/10 кВ жогорку чыӊалуудагы “Ак-Ордо” көмөкчордондун кубаттуулугун жогорулатууда

17 Октябрь 2023 ж.


Жогорку чыӊалуудагы “Ак-Ордо” көмөкчордону Бишкек шаарындагы «Ак-Ордо» жана Чүй облусунун Сокулук районундагы «Ала-Тоо-3» конуштарынын тургундарын электр энергиясы менен камсыздоо максатында 2014-жылы ишке киргизилген. 2014-жылдан бери көмөкчордондо кубаттуулугу 25 МВА болгон 1 даана күч трансформатору иштеп жатат. Калктын көбөйүшүнө жана жаңы объектилердин курулушуна байланыштуу электр тармактарынын жабдууларында оорчулук болгон.


Электр тармактарына жүктөмдөрүн азайтуу жана кубаттуулугун жогорулатуу максатында жогорку чыӊалуудагы көмөкчордонго кошумча күч трансформатору орнотулду