Колл - борбор: 105

Бишкек электр тармактар ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат

24 Апрель 2026 ж.

 

📌 2026-жылдын 27-апрели, дүйшөмбү күнү Бишкек шаарында АИСКУЭ эсептегичтери дебитордук карызы бар 6000ден ашык абонентти алыстан өчүрүүнү жүргүзөт. Ыңгайсыздыктарды болтурбоо максатында, Бишкек электр тармактар ишканасы – «КУЭТ» ААКнын филиалы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөгө чакырат.

 

📍 Абоненттер үчүн ыңгайлуу болушу үчүн ишкананын сайтында «Абоненттин балансы» бөлүмү иштейт. Анын жардамы менен бардык абоненттер, анын ичинде турмуш-тиричилик жана өнөр жай абоненттери каалаган убакта өзүнүн жеке эсеп-кысабынын абалын текшере алышат.

 

Мындан тышкары, турмуш-тиричилик абоненттери «Мой свет» мобилдик тиркемеси аркылуу (Play Market жана App Store аркылуу жүктөп алып) өз балансын текшере алышат.

 

Ошондой эле абоненттер төмөнкү номерлер аркылуу сутка бою иштеген колл-борборго кайрыла алышат:

📞 1105

📱 0772 / 0556 00 12 09

💬 WhatsApp: 0702 001209

 

✅ Электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү «Quickpay», «Pay24», «UMAI», «KICB», «Megacom», «О!», «Оной» төлөм терминалдары аркылуу, ошондой эле «Мбанк», «О!», «MegaPay», «UMAI», «Элсом» электрондук капчыктары аркылуу төлөөгө болот.

Мындан тышкары, төлөмдөр «РСК Банкы», «Дос-Кредо Банкы», «Бакай Банкы», «КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык Банкы», «Халык Банкы», «KICB Банкы», «Оптима Банкы» кассаларында жана «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасында кабыл алынат. Бардык төлөмдөр реалдуу убакыт режиминде жүргүзүлөт.