2025-жылга карата Октябрь району боюнча МЧС планынын негизинде Бишкек электр тармактар ишканасы – «КУЭТ» ААКнын филиалы МЧС менен биргеликте жарандык коргонуу боюнча штабдык окууларды өткөрдү.
Окуунун максаты – кызматкерлерди өзгөчө кырдаал учурунда туура аракеттенүүгө даярдоо жана ишкананын туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу. Мындай иш-чаралар кызматкерлердин даярдыгын жогорулатууга жана куткаруу кызматтары менен өз ара кызматташууну чыңдоого жардам берет.