Бишкек электр тармактары ишканасы — «КУЭТ» ААКнын филиалынын кызматкерлери абоненттерге электр энергиясын берүү токтотулбастан, чыңалуу астында оңдоо иштерин аткаруу боюнча атайын окуудан өтүп жатышат.
Окутуу Казань шаарындагы АО «Сетевая компаниянын» алдыңкы тажрыйбасына ага ылайык уюштурулган. Окууга Түндүк РЭТтин адистери жана инженердик-техникалык кызматкерлер катышууда.
Алынган билим жана практикалык көндүмдөр энергетиктерге керектөөчүлөрдү өчүрбөстөн оңдоо иштерин жүргүзүүгө, персоналдын коопсуздугун жогорулатууга жана борбор калаанын тургундарын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого мүмкүнчүлүк берет.