Бишкек энергетиктеринин техникалык мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди
19 Август 2026 ж.
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин энергетика тармагын модернизациялоо жана электр тармактарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча иш-чараларын ишке ашыруунун алкагында «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКсынын филиалы — Бишкек электр тармактар ишканасына 6 даана жаңы атайын техника берилди.
Жаңы техникалар ишкананын өндүрүштүк бөлүмдөрүнө бөлүштүрүлүп, электр тармактарын эксплуатациялоо, оңдоо жана авариялык-калыбына келтирүү иштеринде колдонулат.
Түндүк РЭТке Howo үлгүсүндөгү жүк ташуучу кран-манипулятор жана автогидрокөтөргүч берилди.
Чыгыш РЭТке, Батыш РЭТке, Аламүдүн РЭТке жана Обочолонтуу, сыноо жана чыңалуудан коргоо боюнча жергиликтүү кызматка JAC T8 үлгүсүндөгү унаалар берилди.
Жаңы техника өндүрүштүк бөлүмдөрдүн мобилдүүлүгүн жана иштин ыкчамдыгын жогорулатууга, иштерди өз убагында аткарууга жана электр тармактарын тейлөөнүн сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Атайын техникалардын паркын жаңылоо ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдап, электр тармактарындагы оңдоо жана авариялык-калыбына келтирүү иштерин өз убагында жүргүзүүгө кошумча мүмкүнчүлүк түзөт.
Жаңы техника — энергетиктер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр жана Бишкек шаарынын керектөөчүлөрүн ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздоо!