Колл - борбор: 1209; 105

Бишкекское предприятие электроБишкек электр тармБишкек ЭТИ электр энергиясына болгон төлөмдү өз убагында жүргүзүүгө чакыратсетей призывает абонентов оплатить счета за электроэнергию своевременно

22 Ноябрь 2024 ж.

Урматтуу абоненттер!

25-ноябрьдан тарта Бишкек ЭТИ 6,3 миңден ашуун абонентти, электр энергиясына болгон карызы үчүн аралыктан өчүрөт. Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн ишкана абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.

Эске сала кетсек, абоненттер почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн электр энергиясына болгон төлөмдү терминалдар аркылуу төлөсө болот. Бишкек ЭТИ төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. Төлөмдү «Quickpay», «Pay24», «UMAI», «KICB», «БТА Банк» терминалдары, «Мбанк», «Bakai», «Оптима», "UMAI", «Элсом» электрондук капчыктары, «Айыл Банк», «Дос Кредо Банк», «БТА Банк», «КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы», «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кассалары аркылуу жүргүзсөңүздөр,  төлөм тууралуу билдирме Бишкек ЭТИнин маалымат базасына ошол замат түшөт.

Учурда турмуш-тиричилик жана өндурүш абоненттерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында Бишкек электр тармактар ишканасынын расмий сайтында www.bipes.nesk.kg “Абоненттин балансы” рубрикасы иштеп келет. Анын жардамы менен биздин бардык абоненттерибиз каалаган учурунда өздүк эсебинин абалын текшере алышат. Мындан сырткары, биздин абоненттер “Мой свет” тиркемесин уюлдук телефонуна жүктөп алып, өздүк эсеби тууралуу бүт маалыматты ала алат. Ошондой эле 1209, 105, 0772/0702/0556 00 12 09 күнү-түнү иштеп жаткан Колл-борборуна чалып же  0556 001209 WhatsApp номерине жазып өзүӊүздүн дебитордук карызыӊызды сурап билип алсаӊыздар болот.