Колл - борбор: 1209; 105

Бишкек электр тармактар ишканасы аба чубалгыларына канаттууларды коргоочу 89 шайман орнотту

4 Декабрь 2023 ж.

 2023-жылга карата оңдоо иштеринин планынын алкагында кубаттуулугу110 кВ түзгөн аба чубалгыларына жогорку вольттуу линиялар кызматкерлери канаттууларды коргоочу 89 шаймандарын орнотту. Белгилей кетсек, шаймандар канаттуулар конгон учурда зымдардын кыска туташуусуна жол бербейт, аларды электр тогуна урунуу коркунучунан, өзгөчө күздүн аягында байкалган канаттуулардын массалык учуу мезгилинде коргойт.

 Ошондой эле изоляторлорго 59 коргоочу атайын капкактар орнотулган, алар аба чубалгыларды "канаттуулардын" кыска туташууларынан коргойт. Калпак курамдуу материалдан жасалган, ал жогорку механикалык жана соккуга туруштук берет, жогорку изоляциялык касиетке ээ, температуранын кескин өзгөрүшүнө туруштук берет.

 Мындан тышкары, Бишкек шаары боюнча электр берүү чубалгыларынын участокторунда филиалдын адистери 3163 фарфор жана бузулган айнек изоляторлорду жаңы айнек изоляторлорго алмаштырышты, алар сырттан кароодо майда жаракаларды жана ар кандай ички кемчиликтерди оңой табууга мүмкүндүк берет.Аткарылган иштер электр жабдууларынын бузулушуна жана кыска туташууларда электр тармактарынын өчүрүлүшүнө жол бербейт.