Бүгүн, 1-декабрда ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматынын, электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн кызматкерлери басма сөз кызматы менен биргеликте "Алтын-Ордо" жаӊы конуштагы №98 орто мектебинин 6-7-класстарынын балдары үчүн атайын сабак өтүштү. Сабакта окуучуларга электр коопсуздугу эрежелерин сактоонун маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришти жана электр тогунун адам организмине тийгизген коркунучтуу таасири тууралуу түшүндүрүштү, электр орнотмолорундагы эскертүүчү белгилерди көрсөтүштү.
Окутуу сабагынын жүрүшүндө окуучулар чоң кызыгуу менен электр травматизминин алдын алуу жана электр үнөмдөөнүн негизги ыкмалары боюнча сабакты таанып-билүүчүлүк-оюн формасында өздөштүрүштү.