Колл - борбор: 1209; 105

Батыш РЭТинде кызматкерлер менен иштөө күнү өттү

14 Май 2024 ж.

Бүгүн, 14-майда КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Бишкек ЭТИнин ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек электр тармактар ишканасынын Батыш РЭТтин кызматкерлери үчүн өрткө каршы коопсуздук, жер титирөө боюнча инструктаждар, эмгекти коргоо боюнча окуулар өттү.

Кызматкерлерге өндүрүштүн технологиялык процесстеринин жана жабдуулардын, өрткө каршы коргоо каражаттарынын өрт коркунучу, ошондой эле өрт чыккан учурдагы аракеттери тууралуу айтып беришти.

Андан соң ишенимдүүлүк жана коопсуздук техникасы кызматынын башчысы Алик Дүйшекеев оңдоо иштерин жүргүзүүдө коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоо жана инструктаждарга жоопкерчилик менен мамиле кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.