Бишкек шаарында Батыш РЭТи 40 чакырымга жакын аба чубалгыларын реконструкциялайт

None

Энергетика объектилерин күз-кыш мезгилине даярдоо максатында "КУЭТ" ААКтын филиалы -Бишкек электр тармактар ишканасынын Батыш РЭТинде оңдоо иштери кызуу жүрүүдө.

Оңдоо иштеринин планына ылайык, Батыш РЭТтинин кызматкерлери 125 трансформаторду жана 21 чакырымдан ашык аба чубалгыларын оӊдоп-түзөөдөн өткөрөт.

Ошондой эле, 2024-жылы Батыш РЭТи 40 чакырымдан ашык 0,4 кВ чыңалуудагы аба чубалгыларын заманбап СИП зымдарына алмаштырат.

Быйылкы оңдоо иштеринин планына ылайык 17 трансформатор кубаттуулугу жогору трансформаторлорго жана 10 кВ чыңалуудагы май өчүргүчтөрү вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырылат.Мындан тышкары электр энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында 700 метрден ашык кабелдик чубалгыларды куруу жана 190 метрге жакын кабелдик чубалгыларды реконструкциялоо иштери пландаштырылган.

Бишкек электр тармактар ишканасынын пландалган жумуштардын жана техникалык тейлөөнүн графиги тууралуу билдирүүлөр Бишкек электр тармактар ишканасынын официалдуу сайтында www.bipes.nesk.kg жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларында жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” тиркемесине билдирүүлөр келет.