Колл - борбор: 1209; 105

Бишкек электр тармактар ишканасынын ишканасында жаңы техникалардын ачкычтары тапшырылды

20 Май 2024 ж.

   Бүгүн, 20-майда "Кыргызстан УЭТ" ААКнын филиалы - Бишкек электр тармактар ишканасынын директору Азамат Паизов жаңы техниканын ачкычтарын Бишкек электр энергиясын сатуу кызматына, кабелдик чубалгылыр кызматына жана РЭТтерге тапшырып жатып, оңдоо иштерин ыкчам, сапаттуу аткаруу менен бирге алган техникаларга аяр мамиле кылууга чакырды.

    Эске салсак, 13 - май күнү, МинКаб төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн бардык аймактарындагы энергетиктерге 33 даана жаңы техникалардын ачкычын тапшырган. Анын ичинен Бишкек электр тармактар ишканасына 3 даана бригадалык, 1 даана жеӊил автоунаа жана 2 экскаватор бөлүнүп берилген.

    Берилген техника ишкананын калкты электр энергиясы менен сапаттуу жана ишенибдүү камсыз кылууда чоң өбөлгө болот!