Колл - борбор: 1209; 105

Бишкек электр тармактар ишканасы «Ала-Арча» көмөкчордондун кубаттуулугун көтөрүп, оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштерин жүргүзүүдө

None

Керектөөчүлөрдүн санынын көбөйүшүнө байланыштуу электр энергиясын керектөөнүн өсүшү байкалууда, бул электр жабдууларынын ишине түздөн-түз таасирин тийгизет. 2023-жылы январь айындагы катуу суукта калк электр энергиясын ашыкча колдонгондуктан бул көмөкчордонго күч келген. Мындан улам быйыл, пландалган ремонттук иштердин негизинде көмөкчордондун кубаттуулугун көтөрүп, оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Электр тармагына кубаттуулукту көбөйтүү жана жүктү азайтуу максатында Бишкек электр тармактар ишканасы АТ-2 автотрансформаторун 220-110-10 кВ "Ала-Арча"жогорку вольттуу көмөкчордонуна алмаштырууда. Ошентип, кубаттуулугу 200 МВА болгон автотрансформатор кубаттуулугу 250 МВА болгон жаңысына алмаштырылды. Ушундай эле иштер АТ-1 автотрансформатору менен жүргүзүлгөн. Белгилей кетсек, автотрансформаторлорду алмаштыргандан кийин подстанциянын жалпы кубаттуулугу 500 МВА түзөт.

Маалымдама: 220/110/10 кВ "Ала-Арча" жогорку вольттуу көмөк чордону Бишкек шаарынын түштүк-батыш бөлүгүндө, Сокулук районунун Жал айылында жайгашкан. Подстанция 2000-жылы Бишкек энергия түйүнүнүн түштүк-батыш бөлүгүндөгү керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр менен камсыздоо үчүн ишке киргизилген.