2024 - жылга капиталдык курулуш жана реконструкциялоо планына ылайык "Кыргызстан УЭТ" ААКтын филиалы - Бишкек электр тармактар ишканасы 110/10 кВ чыңалуудагы жаңы "Ак-Кула" көмөк чордонун курууну пландаштырууда.
Бишкек шаарынын ипподром аймагында жайгашкан керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында жаңы жогорку чыңалуудагы "Ак-Кула"көмөк чордону курулат.
Курулуштун башталышы үстүбүздөгү жылдын май айында пландаштырылган, жер участогу Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бөлүнгөн. Учурда инженердик-техникалык шарттарды иштеп чыгуу, геологиялык изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, курулуштун каржылоосу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын өздүк каражаттарынын эсебинен бөлүнөт.