Колл - борбор: 1209; 105

Бишкек электр тармактар ишканасында Мамлекеттик тил Мыйзамынын 35 жылдыгына карата иш чара белгиленди

23 Сентябрь 2024 ж.

Бүгүн, 23-сентябрда Бишкек ЭТИнин жыйындар залында "Тил саясатын жүргүзүү боюнча алдыга коюлган милдеттер" аттуу иш чара болуп өттү. Иш чараны «КУЭТ» ААКтын филиалы Бишкек лектр тармактар ишканасынын директору Азамат Паизов ачып, Мамлекттик тил күнү менен куттуктады. Иш чарада энергетика жаатындагы иш кагаздарын алып барууда, кыргыз тилинин өнүгүүсү, тилди күндөн-күнгө байытуу жолунда иш алып баруубуз керектиги айтылды.

Андан ары, ишкананын мамлекттик тил адиси Майрам Конушбаева тилдин тарыхы, өзгөчөлүгү, көйгөйлөрү жана алдыга коюлган милдеттери туралуу лекция окуду.

Кызматкерлер патриоттук- майрамдык маанайда активдүү катышып беришти.